Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоодо 40,8 млн сом чыгым болгон. Уурулукка шектүү ким?
RU

Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоодо 40,8 млн сом чыгым болгон. Уурулукка шектүү ким?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасын текшерип, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоодо 40,8 млн сом уурдалганын аныктады. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдан билдирди.

"Мамлекеттик ишкананын кызмат адамдары "Т. и К" ЖЧКсы менен келишим түзгөн деп шектелүүдө. Аталган трассанын Кадамжай-Чечме тилкесиндеги 20 чакырым узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоп-түзөө иштерине жана өз кызыкчылыктарына бюджеттен 40 млн 888 миң сом мыйзамсыз чыгымдалган. Ошондой эле прокуратуранын маалыматы боюнча, "Кыргызавтожол" ЖЧКсынын мурдагы башкы бухгалтери Б.О. жана ишкананын директорунун орун басары А.А. эч кандай баштапкы тастыктоочу документтери жок жана директордун макулдугусуз аткарылган иштердин жалпы көлөмүн кыскартуу максатында ЖЧКга жана карыздын иш жүзүндөгү суммасын жашырып, Мамлекеттик ипотеканын эсебинен 12 млн 681 миң сом акча каражатын "Т. и К." ЖЧКсынын эсебине которгон", - деп айтылат маалыматта.

Аныкталган фактылар боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11826