300 тонна битум жок кылынган. Прокуратура "Кыргыз автожолдун" кызматкерлерине иш козгоду
RU

300 тонна битум жок кылынган. Прокуратура "Кыргыз автожолдун" кызматкерлерине иш козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы маалымдады.

Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анда №32 Жол тейлөө ишканасына караштуу Кемин районундагы Жел-Арык битум базасына 2022-жылы 4 551 тонна битум келип түшкөн. Андан соң 4 100 тонна "Кыргыз автожолго" караштуу жол тейлөө ишканаларына таратылган. Бирок 300 тонна битум белгисиз себептер менен жок кылынгандыгы аныкталган.

"Аталган ишканалардын жооптуу адамдары кызмат абалынан пайдаланып жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке 17 миллион 333 миң сомдук зыян келтиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу", "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" жана "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу" менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11815