Ошто 81 жаштагы аялдын сөөгү кароосуз калган үйдөн табылган. Аны өрттөп кетишкен
RU

Ошто 81 жаштагы аялдын сөөгү кароосуз калган үйдөн табылган. Аны өрттөп кетишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ак-Булак айылында 81 жаштагы аял киши колдуу каза болгон. Облустук ички иштер башкармалыгынан маркумдун сөөгү өрт чыккан үйдөн табылганын билдирди.

Белгилүү болгондой, милицияга ӨКМнын кызматкерлеринен маалымат түшкөн. Анда кароосуз калган үйдөн чыккан өрттүү өчүрүү учурунда аялдын сөөгү табылганы айтылган.

Билдирүү каттоого алынып, жерине ыкчам топ барган. Маркумдун денесин сырттан кароодо ал киши колдуу каза болгону аныкталган. Каза тапкан аял Ак-Булак айылынын 81 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну болгон.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суракка алынды. Бул факты боюнча 122-берене (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11877