Ошто өрт чыккан үйдөн бир адамдын жансыз денеси табылды
RU

Ошто өрт чыккан үйдөн бир адамдын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.

Кара-Суу районунун Манак айылындагы үйдүн экинчи кабатында өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 08:43дө 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:04дө чектөөгө алынып, саат 09:27де өрт толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10792