"Имиштер тастыкталган жок". Уурдалды деген алтын боюнча комиссиянын корутундусу чыкты
RU

"Имиштер тастыкталган жок". Уурдалды деген алтын боюнча комиссиянын корутундусу чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19,2 тонна алтындын тегерегинде талаштуу жагдайлар жаралып, парламентте да аталган маселе боюнча түрдүү пикирлер айтылган. Алтындын жоголгондугу тууралуу маалыматтын аныктыгын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия жакында эле ишин жыйынтыктаганын Жогорку Кеңештин билдиришти.

Аталган комиссиянын төрагасы, депутат Арсланбек Малиев кандай жыйынтык чыкканы боюнча кеңири маалымат берди.

"Ооба, Жогорку Кеңеште айрым депутаттар тарабынан 19,2 тонна алтын жоголуп , белгисиз өлкөлөргө ташылганы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Буга байланыштуу анын аныктыгын текшерүү боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан бирден өкүл кирген", - деди ал.

Алтынбек Малиев белгилегендей, бардык кызыкдар тараптардын пикирин угуу максатында бир катар жыйындар өткөрүлгөн. Ошондой эле алтын чыккан жерден баштап, өндүрүлгөн, алтынды сактоочу жайга чейинки бардык этапты өз көздөрү менен көрүп, таанышып чыгышкан.

"Баарыбыз билгендей, Кумтөрдөгү кен ачык ыкма менен казылып алынат. Андан ары алтын ылгоочу фабрикага түшөт. Ал жакта кенди майдалап, "Көмүр эритүү аралашмасы" технологиясы боюнча алтынды алуу жүргүзүлөт. Алсак, алтын ылгоочу фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 15-16 миң тоннаны түзөт. Ошондой эле "Кыргызалтын", "Кумтор Голд Компани" менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатып алуу келишимине ылайык, эритиндилер Кара-Балта шаарындагы аффинаж заводуна кайра иштетүү үчүн "Кыргызалтын" тарабынан сатып алынат. Чындыгында, Центерра Голд кеткенде өзүбүз өндүрө алабызбы деген кооптону да бар эле. Бирок өзүбүздүн тажрыйбасы мол адистерибиз өндүрүштү токтотпой, улантып кетишти. Бул биз үчүн кубанычтуу көрүнүш.

Бардык өндүрүш иши заманбап технология менен жүргүзүлүп, ар бир иш-аракет видеокамералар менен көзөмөлдөнөт экен. Комисиянын ар бир мүчөсү бардык өндүрүштү жана алтын сакталган жайларды өз көзү менен көрдү. Жагдайды иликтеген комиссия өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып, 19,2 тонна алтын боюнча маалыматты ар тараптуу иликтеди. Көп адамдардан маалымат алынып, ийне-жибине чейин тактадык. Анын ичинен Улуттук банкка барып, алтын запасын эсепке алуу жана сактоо процесси менен тааныштык. Таанышуу учурунда ар бир фракциянын жана депутаттык топтун өкүлдөрүнөн турган комиссиянын бардык мүчөсүнө каалаган жашикти тандап, аны ачып көрүү жана алтын куймаларын текшерүү мүмкүнчүлүгү берилди. Алтургай, алтынды кармап сүрөткө түшүп, бардыгын тасмага тарттырдык. Бул архив үчүн маанилүү.

Тагыраагы, 19,2 тонна алтындын жоголгондугун же белгисиз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жалган. Аталган имиштерди аныктаган бир дагы маалымат же тастыктаган кагаз тапкан жокпуз. Муну комиссиянын ар бир мүчөсү далилдеп бере алат", - дейт депутаттык комиссиянын төрагасы.

Белгилесек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстандан 19,2 тонна алтын белгисиз өлкөгө чыгарылган. Мындан улам депутаттык комиссия түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11879