Исхак Масалиев алтын чуусу боюнча түзүлгөн комиссияны жетектөөдөн баш тарткан
RU

Исхак Масалиев алтын чуусу боюнча түзүлгөн комиссияны жетектөөдөн баш тарткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өлкөдөн алтынды чыгарып кетүү чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тарткан. Бул тууралуу парламент жыйынында белгилүү болду.

Анда депутат Жеңишбек Токторбаев алтын чуусу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия кандай иш алып барганына жана алдын ала жыйынтыгына кызыкты.

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев өткөн аптада Исхак Масалиевден кат келгенин айтты. "Анда ден соолугуна байланыштуу комиссиянын төрагалыгынан баш тартканы жазылыптыр. Комиссия ишин баштай элек", - деди ал.

Депутаттык комиссияга:

  • Марлен Маматалиев;
  • Балбак Түлөбаев;
  • Адахан Мадумаров;
  • Исхак Масалиев;
  • Жанар Акаев;
  • Нилуфар Алимжанова;
  • Надира Нарматова;
  • Нурланбек Шакиев;
  • Марат Мураталиев;
  • Улугбек Ормонов;
  • Шайлообек Атазов;
  • Арсланбек Малиев;
  • Максат Сарбагышев;
  • Жусупбек Коргонбай уулу.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстандан 19,2 тонна алтын белгисиз өлкөгө чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9452