СПИД борбору: Кыргызстанда каттоодон өткөн болжолдуу 16 миң 900 кумса адам бар
RU

СПИД борбору: Кыргызстанда каттоодон өткөн болжолдуу 16 миң 900 кумса адам бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиевдин "эркек менен эркектин жыныстык катнашка баруусунун профилактикалык иштерине Глобалдык фонд 78 миллион сом бөлөт деп турат. Алар эмне кылат?", - деген суроо узатты.

Глобалдык фонддун өзүнүн талаптары бар

Ага Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов Глобалдык фонд акча берүүнүн алдында өзүнүн талаптарын да коё турганын айтты.

"Бөлүнгөн каражаттардын 50%га чейинкисин аярлуу топтордун арасында сөзсүз түрдө колдонгула деп жөнөтүлөт. Алардын арасында эркек менен эркектин ортосунда жыныстык катнашка барган адамдарга карата профилактикалык жумуштарды жүргүзгүлө деп айтылат. Минималдык пакет - тестирлөө жүргүзүү жана коргонуучу каражаттарды таркатуу (презерватив). Ошолордун арасында маалымат жүргүзүү", - деди Айбек Бекболотов.

Ал арада депутат Мейкинбек Абдалиев мындай адамдардан канча бар деп сурады.

Кыргызстанда катталган болжолдуу 16 миң 900 кумса (гей) адам бар деди Айбек Бекболотов.

"Биздин болжолдуу саноо менен Кыргызстанда 16 миң 900 адам бар деп эсептелинет. Өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу жылына 14 миң адамга презервативдерди таркатып, маалымат, тестирлөө иштери жүргүзүлөт. Бул Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын отчёту", - деди ал.

Эл өкүлү "силер кайра шарт түзүп бересиздерби?"деп нааразы болду.

"Мен түшүнбөй калдым. Силер аларга кайра шарт түзүп бересиздерби? СПИДден сактаганыңарга макул. Бирок бул 78 миллион сом чоң сумма да", - деди.

Кыргызстанда жылына ВИЧке кабылган миң адам табылса, жүзү аярлуу топтордон аныкталат

Ага Бекболотов жылына ВИЧке кабылган 1000 адам табылса, 100ү эркек менен эркектин ортосунда жыныстык катнашка барган адамдар экенин белгиледи.

"Кыргызстандагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, мен айткан 16 миң 900 адамдын 10 пайыздан ашыгы ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөр. Ошол себептен глобалдык уюмдар ВИЧти таркатпоо үчүн профилактикалык иштерге чоң суммадагы акча бөлөт", - деп билдирди.

Ал сөзүнүн аягында ВИЧ инфекциясы эркек менен аялдын ортосунда болгон катнашка караганда эркек менен эркектердин ортосундагы жыныстык катнашта 24% тез жугат деп кошумчалады.

Өз кезегинде эл өкүлдөрү бул маселеге олуттуу көңүл буруу керектигин эскертишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11907