Былтыр өлкөдө ВИЧ инфекциясын 1094 адам жуктурган
RU

Былтыр өлкөдө ВИЧ инфекциясын 1094 адам жуктурган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жылы ВИЧке кабылган 1094 адам аныкталды. Бул тууралуу 28-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында Республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди.

Анын айтымында, былтыр 1094 адамдын ичинен 250гө жакыны аярлуу топтордон (кумса, жынысын алмаштыргандар, баңгизатына көз карандылар жана интимдик кызмат көрсөткөндөр) ВИЧ аныкталган.

"Алар Кыргызстандагы эпидемиянын таралышына мүмкүнчүлүк түзүп жаткан топтор. Профилактикалык программа деп жатпайбызбы, ал иш ушулардын арасында ВИЧ инфекциясын азайтуу үчүн жүрөт. Быйылкы жылы мен айткан топтогу адамдардын 350сүнөн ВИЧ аныкталды ", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11906