Нарында калың кар жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал-жандыгы менен калып калган. Видео
RU

Нарында калың кар жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал-жандыгы менен калып калган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарынга 2-майда күтүүсүз "кыш" келип, калың жааган кардан улам малчыларга каттаган жол жабылып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Орто-Сырт жайлоосунда 5 үй-бүлө мал-жандыгы менен калып калган.

Маалыматка ылайык, 2-майда Орто-Сырт жайлоосуна күндүзү жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жандык, 530 баш ири мүйүздүү мал өз алдынча оттой албай калган. Ошондой эле малчылар жайлоого каттаган "Мелис" ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал-жандыгы менен калып калган.

Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Мындан улам Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы акимдин жетекчилиги менен отурум өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу иштери колго алынды.

Ал эми Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары У.Жылтыров жана №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы М.Орозалиев менен бирге барып, калың жааган кардын кесепетинен Чоң-Кыя ашуусуна чыга албай кайра артка кайтышкан.

Бүгүн, 3-майда жеринде абалды билүү жана координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын орун басарынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган.

ӨКМдан 2-майынан 6-майына чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, жаан жана тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскертет. Буга байланыштуу министрлик мал жаюу үчүн тоого чыгууга жана эс алууга барууну пландаган жарандарды аба ырайы турукташканга чейин чыкпай турууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11948