Май айындагы кар. Нарынга кайра кыш келди
RU

Май айындагы кар. Нарынга кайра кыш келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-майда Ат-Башы районунун Казыбек айылына кыш "кайтып келди". Тургундар социалдык тармактарда аба ырайынын сүрөттөрүн жана видеолорун бөлүшүүдө.

Бак-дарактарды, үйлөрдүн чатырларын ак кар баскан.

Бул аймакта кыш өлкөнүн башка аймактарына караганда эрте келип, кеч бүтөт.

Белгилей кетсек, өлкөнүн айрым аймактарында сууктан улам катуу шамал тууралуу эскертүү жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11989