Бахрейн, Ливан, БАЭ, Мальдив. Кыргызстан бир катар өлкөлөр менен визасыз режим киргизет
RU

Бахрейн, Ливан, БАЭ, Мальдив. Кыргызстан бир катар өлкөлөр менен визасыз режим киргизет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеш төрт өлкө менен визалык талаптарды жоюу боюнча келишимди үч окуудан колдоп берди.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, макулдашууга ылайык, Мальдив Республикасына Кыргызстандын бардык жарандары визасыз бара алат. Бирок 30 күндүк мөөнөт белгиленген.

Ошондой эле Бириккен Араб Эмирлигине дипломатиялык паспорт менен 90 күнгө барууну каалагандарга виза талап кылынбайт.

Бахрейнге жана Ливанга дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан 90 күнгө бошотуу каралган.

"Ушул сыяктуу иштер европалык мамлекеттер менен да жүргүзүлүп жатат", - деди Кулубаев.

Белгилей кетсек, келишим ишке ашса аталган өлкөлөрдүн жарандары да Кыргызстанга ушундай шартта келе алышат.

Эми ратификацияга президент кол коюшу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12027