Кыргызстан менен Кытай ортосунда визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат
RU

Кыргызстан менен Кытай ортосунда визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламенттин 3-марттагы жыйынында билдирди.

"27-апрелде Сиань шаарында Кытайдын тышкы иштер министри менен жолугушуу болду. Биздин жарандардын, айдоочулардын виза маселесин талкууладык. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Жалпысынан алганда Кытай тарап бул маселе боюнча сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди", - деди Кулубаев.

Министрдин айтымында, ички маселелер такталып, жана башка иштер боюнча тийиштүү ведомстволор анализдеп чыккандан кийин кыргыз тарап өз сунушун киргизет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12018