Айзаданын туугандары: Аны ала качкан жигиттен качам деп Түркияга билет алып койгон болчу
RU

Айзаданын туугандары: Аны ала качкан жигиттен качам деп Түркияга билет алып койгон болчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айзаданын туугандары BBC кызматына Замир улам-улам анын тынчын алып жаткандыктан Түркияга кетип калууну пландап жаткан, деп айтып беришкен.

Берген интервьюсунда "Маалыматты интернетке чыгаргандан кийин райондук ички иштер бөлүмдөрүнө өзүбүз чалып сурап жаттык. Алар арызды кайда жаздыңар эле, бизге андай маалымат түшкөн жок деп жатышты. Башка райондук милиция бөлүмдөрүнө маалымат жетпептир. Арызды кабыл алган райондук ички иштер бөлүмүнүн аракетине нааразы болдук", деп айтышкан.

Айзада былтыр аны менен сүйлөшүп жүргөн, бирок ананы психикалык абалынан күмөн санап баштагандан тартып, андан качып жүргөн болчу.

"Ал баладан канча качып жүрдү, артынан биз канча жолу үйүнө чейин жеткирип, тиги бала көрүп калбасын, билип калбасын деп ал баладан качырып жүрдүк. Бир жолу ала качып кетерине аз калганда жумушубуздагы жетекчибиз көрүп калыптыр. Ал машина менен аркасынан кууп барып, алып калган. Ошондон кийин "Айзада сен мындан кутула албайсың, башка жакка кетчи. Орусиягабы, Түркиягабы кет" деп келгенбиз. Өзү Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүткөн эле. Түркия менен келишим түзүп, он алтысында учуп кетмек. Билети да колунда болчу", - деп Айзаданын тууганы айтып берди.

Айзада өткөн жылы пандемия учурунда ыктыярчыларга жардам берип, аны-мунусун кошо ташышып, жеткирип жардам берип жүргөн эле. Аларга байланышка чыгып, ушундай десек эле алар баары макул деп, издөөгө киришти. Биз интернетке чыгарбасак болбойт, интернетке чыгарып милицияны чуркатпасак болбойт дедик. Канча киши издеди!

Ошентип жаткан учурда милиция 12-кичи райондогу дүкөндүн камерасына тушүп калыптыр деп айтты да. Ошол видеону бербей коюшту.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкекте үч эркек киши 27-жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкен. 7-апрелде анын жана аны ала качкан Замир Теңизбаевдин сөөктөрү Бишкектен алыс эмес Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1202