Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлүмү. Милиция берген маалымат
RU

Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлүмү. Милиция берген маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин ИИББси Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлүмү тууралуу кошумча маалымат берди.

Ведомство берген маалыматка ылайык, 5-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук ИИБсине Ш.Н. эртең мененик саат 7:30да Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде, анын 27 жаштагы кызын ала качып кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранып кайрылган.

Бул факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып, ИИМдин бардык аймактык бөлдүмдөрүнө ориентировкалар таркатылган.

Ыкчам кызматкерлер Кара-Балта шаарында турган Honda Civic унаасынын ээсин аныкташкан. Ал машинесин К.Д.ге ижарага бергендигин билдирген. Ал эми К.Д. улуу байкеси Т.З. Honda Civic айдап киши ташый тургандыгын айткан.

Так ошол, 1985-жылы туулган Т.З. Айзадан Канатбекованы ала качканы аныкталды.

Айзада уурдалган күнү милиция кызматкерлери автоунаанын жүргөн жолу тууралуу маалымат алышкан. Ал Ак-Өргө жаңы конушу аркылуу өтүп батышты көздөй жөнөгөн. Бишкек жана Чүй облусу боюнча кошумча милициянын наряддары коюлган.

5-апрель күнү болжол менен саат 19:00до арыз берүүчү кызына телефон чалса, ал жооп берип, "сарысанаа болбогула, үйгө келем", - деп айткан экен. 6-апрелде түнкү саат 2де Айзаданын апасы кайрадан милицияга чалып, кызы келе элек экенин билдирген. Апасы менен сүйлөшкөндөн кийин Айзаданын телефону өчүп калган.

Белгилүү болгондой, Т.З. менен Айзада 4 айга чукул тааныш болушчу. Т.З. жоро-жолдошторуна Айзадага үйлөнө турганын айтчу экен.

Милиция уурдалган кызды издөө иштерин бир мүнөткө да токтоткон эмес. Бардык тааныш-билиштер жана даректер текшерилген, деп милиция билдирди.

7-апрелде Аламүдүн районунун дежүр бөлүмүнө телефон чалуу түшүп, Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунда аял жана эркек кишинин сөөгү табылды деп айтылган.

Окуя болгон жерге Аламүдүн районунун ыкчам-тергөө тобу чыгып, Honda Civic унаасын анын ичинде Айзада Канатбекованын жана Т.З.нин сөөктөрү экени аныкталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жергиликтүү малчы, бул унааны 5-6-апрел күндөру эле көргөн, бирок машине ылайга тыгылып калды, деп көңүл бурган эмес. 7-апрелде машиненин жанына басып келип, ичинде адамдардын өлүк денелери бар экенин байкаган.

Алдын ала берлиген маалыматка ылайык, экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер болуп Т.З. Айзаданы муунтуп салган. Андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Кызды уурдоого катышкан жарандардын бири 1992-жылы туулган Р.А. камакка алынды. Калган катышуучулардын данныйлары толук аныкталды, аларга издөө жүрүп жатат.

Бул ишти алып барган милиция кызматкерлеринин ишти алып баруусуна ыкчам-тергөө боюнча текшерүү иштери дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1198