Бир катар лидерлер Жеңиштин 78 жылдыгы менен Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттуктады
RU

Бир катар лидерлер Жеңиштин 78 жылдыгы менен Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Анын куттуктоосун президенттин администрациясы жарыялады.

"Бул дата биздин мамлекеттерибиздин тарыхына бир тууган өзбек жана кыргыз элдери жалпы душманга каршы денеси жана жаны менен да баатырларча күрөшкөн согуштагы даңктуу жеңиш катары алтын тамгалар менен жазылган.

Адамзатка тынчтык, бейпилдик сыяктуу баа жеткис жакшылыктарды тартуулаган ардагерлерибизге, ата-бабаларыбызга жагымдуу шарттарды түзүп берүү бүгүнкү муундар үчүн боорукердик жана урмат көрсөтүү бир эле учурда милдет дагы, парз дагы", - деп айтылат куттуктоодо.

Өзбекстандын президенти ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы көп жылдык достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Буга чейин Жеңиштин 78 жылдыгына карата Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Россиянын президенти Владимир Путин, Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев жана Сауд Аравиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12108