Россиянын Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин мемориалы ачылды
RU

Россиянын Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин мемориалы ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына жасаган расмий сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты.

Ага Россиянын Мамлекеттик Думасынын федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин да катышып, мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элеси эскерилди.

Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган.

Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Мемориалдын курулушуна кеткен чыгым Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бул шаарга келиши Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон кыргызстандык мекендештерге арналган мемориалдык эстеликтин ачылышына байланыштуу экенин белгиледи. Дал ушул жерде 1945-жылдын майындагы жалпы Жеңиштин өзөгү калыптанып, ширетилген эң ири жана кандуу салгылашуулар орун алган.

Садыр Жапаров жалпы Жеңишке мекендештердин кошкон салымын белгилеп, айрым цифраларды, фактыларды келтирди. Алсак, согушка 400 миңге жакын кыргызстандык, же ар бир төртүнчү бойго жеткен мекедешибиз чакырылган. 130 миңден ашык адам согуш талаасынан кайтпай калган. Көрсөткөн эрдиктери жана каармандыктары үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык аскердик ордендер менен сыйланган, анын ичинен 74 Советтер Союзунун Баатыры, 21 жоокер үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.

Садыр Жапаров каза болгондордун ысымдарын кайтарып, урпактарына, жакындарына үмүт, сыймык тартуулап жаткан издөөчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, алардын эрдиктери жана курмандыктары Кыргызстан менен Россия элинин эсинде жалпы жеңишке кошкон баатырдык салым катары кала берерин белгиледи.

Ал бул Мемориалдык эстелик жаркын келечек үчүн күрөшкөн бардык баатырларга түбөлүк ыраазычылыктын символу катары кызмат кыла тургандыгына ишенемин билдирди.

Ушул эле жерде Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин казак жоокерлеринин мемориалына да гүл коюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12095