Гүлнара Каликова бала бакчалардын санын кантип көбөйтүү тууралуу айтып берди
RU

Гүлнара Каликова бала бакчалардын санын кантип көбөйтүү тууралуу айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети жакында эле "Өкмөттүк акселераторлор" программасы ишке киргенин жарыялады. Анын негизги милдеттеринен бири мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. "Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу" - "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, "KG Analytics" коомдук фондунун байкоочу кеңешинин төрайымы Гүлнара Каликова программаны ишке ашырууга активдүү катышууда.

- Бул кандай программа жана анын мектепке чейинки билим берүү менен кандай байланышы бар?

- Юрист катары сөздү Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Коституциясында биринчи жолу мектепке чейинки билим берүү бекемделгенинен баштайын. 2021-жылдын 12-октябрында президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекиткен. Балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камсыздоону эки эсеге көбөйтүү программадагы негизги максаттардын бири болуп саналат.

Бул милдетти кантип ишке ашыруу керек деген суроо туулат.

Айрымдар бала бакчаларды куруу менен маселени чечүү жолун көрүшөт. Бирок шаарларда жана жаңы конуштарда жаңы объектилерди куруу үчүн дээрлик жер жок, курулуштар көп учурда узак мөөнөткө созулат, ал эми өлкөдө бала бакчаларды курууга караганда төрөт өтө тез өсүп жатат. Башкалары МЖӨ (мамлекеттик-жеке өнөктөштүк) 9ГЧП) жолун сунушташат. Бардык варианттарды пайдаланыш керек. Бирок булардан башка да ыкмалар бар, алар бүгүнкү күндө президент жана Министрлер кабинети тарабынан колдоого алынган "Өкмөттүн акселераторлор" программасы.

"Мамлекеттик акселераторлордун" маңызы - мамлекеттик, муниципалдык бийлик органдарын, бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрүн актуалдуу болгон социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө мобилизациялоо болуп саналат.

Программа Бириккен Араб Эмирлигинде (БАЭ) иштелип чыгып, БАЭ, Иордания жана Өзбекстанда ийгиликтүү колдонулган методологияга негизделген. Программанын алкагында үчтөн ашпаган тапшырма коюлуп, аларды чечүү үчүн 100 күн берилген. Кыргызстан олуттуу маселелерди чечүүгө багытталган методологияны колдонгон өлкөлөрдүн катарына кошулду.

2023-жылдын 17-мартында Акылбек Жапаров программанын башталгандыгын жарыялаган. Ошол учурдан тартып 100 күндүк санак башталды. 25-июнда үч тапшырманын жыйынтыгына күбө болобуз.

Биринчи тапшырма – мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу.

Экинчиси - электр менен жүрүүчү унааларды заряддоочу жайларды ачууга уруксат берүүнү жөнөкөйлөштүрүү.

Үчүнчүсү – майыптыкты белгилөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү.

Жалпысынан алганда үч милдет тең дебюрократизацияга жана мамлекеттик аппараттын жумушунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Биринчи тапшырманы ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жумушчу топко бир нече жарандык коомдун өкүлдөрү (анын ичинде мен да) ыктыярдуу негизде кошулдум. Жумушчу топтун курамында негизинен министрликтердин – билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар, экономика жана соода, статистика, салык кызматынын жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери бар. Топтун жетекчиси – КР президентинин алдындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева. Ушул тапта бир топ иштер жүрүп жатат, анын максаты – өлкөдө мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу. Даярдануу убагында эле жумушчу топтун мүчөлөрү "Кыргызстандагы ар бир бала үчүн мектепке чейинки өнүгүү!" деген аталышты тандап алышкан. Бул аталыш биздин биргелешкен ишибиздин максатын чагылдырат.

- Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү ондогон жылдар бою чечилбей турган маселе. Жадагалса Совет доорунда да Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүгө балдарды камтуу коңшу республикаларга салыштырмалуу төмөн болчу. Ал кезде мектепке чейинки балдардын 34%га жакыны бала бакчаларга барышкан. 1990-жылдары бала бакчага барган балдардын пайыздык көрсөткүчү 10%дан да азайган. Бул жылдар аралыгында сезилээрлик болбосо да бир аз өстү. Учурда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу болжол менен 24%ды түзөт. Бул постсоветтик өлкөлөр арасындагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Коңшу Өзбекстанда – 60%, Казакстан менен Росмияда – 90%дан ашык. Мурунку өкмөттөр да мектепке чейинки билим берүүгө балдарды мектепке тартууну көбөйтүүнү каалашкан, бирок алардын бири да ийгиликтүү болгон эмес. Ошондуктан, "Өкмөттүк акселераторлор" программасы эмнени сунуштап жатканын билүү кызыктуу болуп турат. Чын эле ондогон жылдар бою чечилбей келген нерсени 100 күндө чечүүгө болобу?

- Барынан мурда, мектепке чейинки билим берүү инсандын өнүгүүсүндөгү жана билим алуусундагы негизги жана өтө маанилүү этап экенин 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында бүт дүйнө жүзү тааныганын айтуу керек. Физиология жагынан алганда баланын мээси алты жашка чейин 90% калыптанат. Социалдык жана экономикалык көз караштан алганда, баланын өнүгүүсү канчалык эрте башталса, мектепте жана кийинки жашоодо ошончолук ийгиликтүү болот. Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Хэкмандын изилдөөсү алты жашка чейинки баланын өнүгүүсүнө инвестициялоо жогорку куракта билимге инвестиция салууга караганда 16 эсе натыйжалуу экенин далилдеди. Балдардын эрте өнүгүүсү экономикага, ал тургай өлкөдөгү кылмыштуулукка да түздөн-түз таасирин тийгизет. Изилдөөлөргө ылайык, мектепке чейинки билим берүүнүн камтуу жана сапаты жогорулаган сайын кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөйт.

Кыргызстанда чындап эле мектепке чейинки билим берүү менен камтуу аз жана бул чоң көйгөй. Министрлер кабинетинин алдында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алууну эки эсеге көбөйтүү тапшырмасы турат. Эгерде азыр өлкө боюнча бала бакчаларга 200 миң бала барса, 2026-жылга карата бул санды кеминде эки эсеге көбөйтүү керек.

Бул сандарга жетүү оңой эмес, бирок реалдуу эле. Баарынан мурда, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу керек. 2021-жылдагы улуттук статистикага ылайык, Кыргызстанда 1712 бала бакча болсо, анын басымдуу бөлүгү – 1500 мамлекеттик болуп эсептелет.

Өлкөдө жылына орто эсеп менен 150 миң бала төрөлөт. Бардык балдарды камсыздоого мамлекет үчүн дагы кеминде 2500 бала бакча (бир бала бакчада орточо 280 бала туура келсе) куруу керек.

Бирок мындай чоң курулушка бюджеттин каражаты жетишпейт. Маселени чечүүнүн башка жолдорун издешибиз керек. Бардык түрдөгү - мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик мектепке чейинки билим берүүнүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү зарыл, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинде бекитилген.

Биз көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде коңшуларыбыздын да тажрыйбасын изилдедик. Маалым болгондой, бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде өнүккөн өлкөлөрдө да жарандарга турак-жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө уруксат берилген. Көптөгөн өлкөлөрдө (Россия, Казакстан, Өзбекстан, АКШ жана башкалар) мындай бала бакчалар үй-бүлөлүк же үй тибиндеги бала бакчалар деп аталат. Алар үчүн мамлекет жөнөкөйлөштүрүлгөн иштөө шарттарын түзөт.

Бирок Кыргызстанда бир гана юридикалык жак бала бакчаны турак эмес жайларда (шыптын бийиктиги 3 метр) жана Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алган шартта гана ача алат. Бул талаптар көптөр үчүн, өзгөчө айыл жерлеринин жашоочулары жана шаарларга чектеш жаңы конуштагылар үчүн татаал. Турак-жай болбогон имараттарды табуу дээрлик мүмкүн эмес. Юридикалык жакты каттоо, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде лицензия алуу өтө кыйын, көптөгөн документтер талап кылынат. Ушундай тоскоолдуктардын айынан айыл жеринде жана жаңы конуштарда жашаган балдар ыңгайсыз абалда калууда.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алып, Кыргызстандын реалдуулугун эске алуу менен, Министрлер кабинети жаңы режимдеги жөнгө салууну пилоттук түрдө киргизүүдө. Анын маңызы - жеке ишкер катары катталган физикалык жактар үчүн турак-жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө шарт түзүү болуп саналат. Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорунун жаңы конуштары пилоттук катары тандалып алынган.

Азыр Бишкек шаарынын мэриясы мектепке чейинки билим берүү боюнча үч күндүк киришүү курсунун алкагында окууга аялдардан арыздарды кабыл алуу иштерин жүргүзүүдө. Максаты – мектепке чейинки билим берүү (мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык), санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо жана ишкердиктин негиздери боюнча базалык билимдерди берүү болуп саналат. Окутуулардан мамлекеттик органдардын адистери да, билим берүү боюнча лицензияга ээ болгон ишкерлер да өткөрүлөт.

- Сиз баяндаган иштер жаман эместей көрүнөт. Бирок дагы эле суроолор көп. Мисалы мектепке чейинки билим берүүнү үч күндө үйрөтүүгө мүмкүнбү?

- Жол көрсөтүү курсу бул башталышы гана. Мындан тышкары бардык окуп жаткандар мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай багыттары боюнча кошумча билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. "Өкмөттүк акселераторлорду" ишке ашыруунун бардык учурунда окутуулар оффлайн жана онлайн режимде өтөт. Азыр мектепке чейинки билим берүүгө багытталган колдонуудагы санариптик платформаларды иштетүү боюнча жумуштар жүрүп жатат. Аялдар телефон аркылуу санариптик билимди колдоно алышат.

- Окууну каалагандардын педагогикалык билими болушу керекпи?

- Жок, андай талап жок. Орто жалпы (мектептик) билими бар ар бир адам окуудан өтүп, жеке ишкер катары каттала алат жана мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтө алат. Бирок, албетте, билим деңгээли канчалык жогору болсо, ошончолук жакшы.

Бүгүнкү күндө үч жүздөн ашык аялдар окууга катталды, каттоо уланууда. Алардын айрымдары мектепке чейинки билим берүү тармагында кызмат көрсөтүү тажрыйбасына ээ. Катталгандардын 60%га жакыны жогорку билимдүү.

Тренинг жаңы конуштарда үй тибиндеги бала бакчаларды ишке киргизүүгө арналган, ошондуктан негизинен жаңы конуштарда жашаган же иштөөнү пландагандар чакырылат. Ошого карабастан башка райондордон жана аймактардан кайрылгандар көп. Жумушчу топтун мүчөлөрү эч кимди чектебөө чечимине келишти, эгер аялдар мектепке чейинки билим берүүнүн негиздерин үйрөнгүсү келсе, окууга тапшырса болот.

- Үй тибиндеги бала бакча ачуу үчүн дагы эмне керек?

- Үй тибиндеги балдар бакчасын ачуу үчүн турак-жай минималдуу санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек. Буга чейин санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптары турак эмес жайларга гана коюлчу. Эки министрликтин – саламаттыкты сактоо жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчу тобунун мүчөлөрү турак жайларга минималдуу санитардык жана өрткө каршы талаптарды иштеп чыгышты. Азыр бул жаңы талаптар Министрлер кабинетинде макулдашуудан өтүп жатат.

Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн жеке ишкер катары каттоодон өтүшүңүз керек. Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган адамдар нөлдүк салык режимин тандай алышат жана жылына бир гана жолу отчёт беришет.

Ар бир этапта – окутуудан тарта салыктык каттоого чейин – мамлекеттик органдар жана мэрия максималдуу жардам көрсөтөт. Жакында эле бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар менен жолугушуу болуп өттү, алар дагы мамлекеттик органдарга жана Бишкек шаарынын мэриясына жаңы конуштарда аялдар менен иштөөдө жардам берүүгө даяр.

Бардык бул жаңылыктар пилоттук режимде Бишкектин жаңы конуштарында сыноодон өткөрүү пландалууда. Эгер бир нерсе иштебей калса, иштин жүрүшүндө оңдолот. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн жаңы шарттары өзүнүн пайдалуулугун жана эффективдүүлүгүн көрсөтсө, анда бул тажрыйбаны башка региондорго, балким, бүткүл республикага жайылтууга болот.

- Жакшы экен, мектепке чейинки билим берүүнүн балдар үчүн зарыл экендиги түшүнүктүү. Мунун бүткүл коомго кандай пайдасы бар? Өлкөгөчү?

- Оо, бул абдан маанилүү суроо. Биринчи кезекте, мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен камтуунун көбөйүшү мектептеги билим берүүнүн сапатынын өсүшүнө (бул Кыргызстан боюнча эл аралык жана улуттук изилдөөлөрдүн корутундулары) жана чоң кишилерден турган калктын билим деңгээлинин өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

Экинчи маанилүү натыйжа - аялдар үчүн кошумча мүмкүнчүлүк болуп саналат. Кыргызстанда аялдардын экономикалык жумуш менен камсыз болуу деңгээли бир топ төмөн экенин билесизби? Эмгекке жарамдуу аялдардын 43%ы гана экономикада иштейт (Россияда жана Казакстанда – 64%га жакын). Ал эми 24 жаштан 34 жашка чейинки жаш кыз-келиндер тууралуу айта турган болсок, алардын Кыргызстандын экономикасында үлүшү бир топ төмөн. Дал ушул куракта аялдар балалуу болуп, балдарын калтыра турган эч ким жок болбогондуктан жумушка чыга алышпайт. Анткени, мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар жетишсиз, жеке менчик бала бакчанын кызматын баары эле төлөй албайт. Бишкектин айрым мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларында жүздөгөн, миңдеген же андан да көп бала электрондук кезегин күтүп турат. Эгерде мамлекет балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууга шарттарды түзө алса, анда он миңдеген, балким жүз миңдеген аялдар иштеп, үй-бүлө бюджетин толуктап, балдарынын билимине инвестиция кыла алышмак. Аялдар иштей алса, бул үй-бүлөлүк бюджетке гана таасирин тийгизбестен, өлкөдөгү жакырчылыкты, жумушсуздукту азайтып, экономиканын өнүгүшүнө түрткү болот.

- Ошону менен бирге, менин билишимче, бала бакчалардын жетишсиздиги тигүү тармагына чоң көйгөй. Тигүү цехтеринин көбү толук кубаттуулукта иштей албайт, анткени тигүүчүлөр жетишсиз. Тигүүчүлөр жетишсиз болгонунун себеби аялдар балдарын үйдө калтыра албайт, бала бакчалар жок же жетүүгө мүмкүн эмес алыс жактарда.

- Абдан туура айтасыз! Бала бакчалардын жетишсиздиги тигүү тармагындагы чоң көйгөй. Бирок бул маектешүү үчүн абдан чоң тема. Мен бул темада "Өкмөттүк акселераторлор" программасы өз максатына жетип, өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын саны көбөйөт деп ишенем. Кийинки жолку маектешүүнү тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн өздөрүн талкууга чакырсаңыздар кубанычта болот элем. Алар сизге бул көйгөй тууралуу жакшыраак айтып беришет.

- Макулдаштык.

- Рахмат, мен дагы бизде баары жакшы болот деп ишенем.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12123