Үйүндө бала бакча ачууну каалаган бишкектиктер окутулат. Кайда кайрылуу керек?
RU

Үйүндө бала бакча ачууну каалаган бишкектиктер окутулат. Кайда кайрылуу керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жеке үйлөрдө жана батирлерде бала бакчаларды ачууну каалагандарга шарт түзүлөт. Борбор калаа башкармалыгынан белгилешкендей, Министрлер кабинетинин демилгеси менен мектепке чейинки билим берүүнү жогорулатуу үчүн тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ага ылайык, Ленин жана Биринчи Май райондорунда бала бакчалардын санын жогорулатуу биринчи кезекте турат.

Учурда мектепке чейинки билим берүү кызматтары турак жайларда (жеке үйлөрдө жана квартираларда) жеке жактар (жеке ишкерлер) тарабынан көрсөтүлүүсү үчүн шарттар иштелип чыгууда.

Бала бакчаларды ачууну каалагандардын бардыгы мектепке чейинки билим берүү, санитардык, өрт коопсуздугу жана ишкердик негиздери боюнча кыска мөөнөттүү үч күндүк окутуудан өтөт. Окуудан өтүү үчүн төмөнкү шилтеме боюнча арыз толтуруу керек https://forms.gle/Lg83uMtn4Ts2R14FA.

Окутуудан ийгиликтүү өткөндөргө сертификат берилет жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө жардам көрсөтүлөт.

Кошумча маалымат үчүн саат 9:00дөн 18:00гө чейин телефон аркылуу байланышсаңыз болот:

  • Ленин району: Исаева Бермет Каримова - 0990 55 01 67, 65 68 94;
  • Биринчи Май району: Ботоканова Медина Абазбековна - 0500 222079, 62 35 02.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11829