Таластагы өз алдынча жазалоо: мамыга байланган адам өз дооматтарынан баш тартты
RU

Таластагы өз алдынча жазалоо: мамыга байланган адам өз дооматтарынан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери уурулукка шектелип, мал базардагы мамыга байланган жарандын окуясын иликтөөнү токтотту. Себеби, ал окуя боюнча арызданган эмес. Бул тууралуу "Азаттык" милицияга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Ал эми, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча уурдоого шектүү дагы бир адам кармалган. Учурда уурулук боюнча эки шектүү тең бир айга убактылуу кармоочу жайга камалып, "Уурдоо" беренеси боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, 30-апрель күнү эртең менен Талас районундагы мал базарлардын биринде ондогон адамдар бир адамды мамыга байлап, курчоого алышкан. Социалдык тармактарда тараган кээ бир видеолордо кылмышка шектүүнү уруп жаткандарын көрүүгө болот.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган адам Кара-Буура районунун тургунунун 60 миң сомун, ал эми дагы бир тургундун 6 миң сомун уурдаган деп шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12124