Таластын мал базарында чөнтөкчү деген шектүүнү мамыга байлап салышкан
RU

Таластын мал базарында чөнтөкчү деген шектүүнү мамыга байлап салышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таластагы мал базарда чөнтөкчү деп кармалып, мамыга байланган кишинин видеосу социалдык тармактарда тарады.

Андан эки колу байланган адамды бир топ киши тегеректеп, ага кыйкырып жатканын көрүүгө болот.

Ал бирөөнүн 150 миң сомун уурдап жатканда кармалганы айтылды. Мал базардан акчаларын уурдаткан бир катар адамдар да облустук милицияга кайрылышкан.

Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынан ырастап, кылмышка шектүү милицияга жеткирилгенин, баары мыйзам чегинде карала турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, уурулукка шектүү деп Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Григорьев айылынын 34 жаштагы тургуну А. Э. экени аныкталды. Текшерүүдө андан 35 200 сом акча каражаты алынды.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11934