Мэрия Ленин району боюнча 120 адам үйүндө бала бакча ачууга ниеттенип жатканын билдирди
RU

Мэрия Ленин району боюнча 120 адам үйүндө бала бакча ачууга ниеттенип жатканын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы үй шартында бала бакча ачууну каалагандар менен жумушчу топтун жолугушуусу болгонун кабарлады. Белгиленгендей, ишкерлерге, үй комитеттеринин башчыларына жана Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Өргө, Ала-Тоо конуштарынын тургундарына жеке үйлөрдө жана батирлерде балдар бакчасын ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып беришти.

Жумушчу топтун курамына Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл А.Чынбаева, Ленин районунун акиминин орун басары А.Джунусова, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Арстамбекова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар, Санэпидстанция, Салык кызматы жана министрликтин өкүлдөрү кирет.

Учурда Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май райондорунда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүү боюнча үч күндүк окуудан өтүүнү жана жаңы имараттарда үй тибиндеги бала бакча ачууну каалаган жарандардан арыздар чогултулуп жатат.

Арызды төмөнкү шилтеме боюнча толтурса болот: https://forms.gle/Lg83uMtn4Ts2R14FA.

Үй шартында бала бакчаларды ачуу демилгеси Министрлер кабинети тарабынан "Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында Ленин району боюнча 120дан ашык аял катталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12144