Президент: Тышкы карызды кантип төлөйбүз деген коркунуч болсо, азыр ойлондурбайт
RU

Президент: Тышкы карызды кантип төлөйбүз деген коркунуч болсо, азыр ойлондурбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан тышкы карызга канча каражат төлөгөнүн "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты. Өлкө башчы 2023-жылдын 31-мартына карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд долларды түздү дейт.

"Тышкы карыз 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат.

2022-жылы 33,6 млрд сом карызды төлөдүк. Быйыл 48,6 млрд сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралган.

Мамлекетибиз эгемендик алган жылдар аралыгында алынган карыздардын эң көп бөлүгүн эми биз төлөп жатабыз. Эгер ушул акчалардын баарын карызга төлөгөндүн ордуна социалдык жана башка иштерге жумшаганыбызда, бүгүнкү жасалып жаткан иштерден жүз эсе жакшы иштерди жасамакпыз", - деди Жапаров.

Тыштан алынган карыз кайсы багыттарга жумшалып жатканы боюнча буларды айтат.

"Учурда алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү, мурда коюлган келишимдердин негизинде бүгүнкү күнгө чейин түшүп жатат. Алынган насыяларды экономиканы өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорго жумшап жатабыз. Жөнөкөй тил менен айтканда, мурда карызы көп, мамлекеттин бюджети аз өлкө болсок, азыр мамлекеттин бюджети эки эсе көбөйдү.

Ачыгын айтыш керек, гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымы уурдалып кеткен учурларды билебиз. Азыр алынып жаткан насыялар, келген гранттар максаттуу жумшалып, бир тыйыны текке кетпей көзөмөлүмдө турат.

Мурда алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулганда, азыр анын кирешесин алып, жемишин көрмөкпүз. Тилекке каршы, миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген. Азыр экономикабыз кубаттуу болуп калды, мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү быйыл 1 триллиондун тегерегине жетсе, 2027-жылга 2 триллиондон ашат деп болжоп жатабыз.

ИДПнын реалдуу өсүү темпи 2022-жылы 7% болуп, эң жакшы көрсөткүчкө жетти. Ошондуктан, тышкы карызды төлөө маселеси көйгөй эмес. Үч жыл мурда эле карызды кантип төлөйбүз, кайдан акча табабыз деген коркунуч болсо, азыр бул маселе бизди ойлондурбайт дагы. Андыктан, тышкы карызды улам көтөрүп, паника кылып, талкуулабай эле койсоңуздар болот", - деп жыйынтыктады президент.

Белгилесек, Темиров Live`дын журналисттери иликтөө жасашып, анда Садыр Жапаровдун мамлекеттик карызды беш жылда төлөйбүз деген амбициялуу пландары болгонун, бирок өлкө жетекчилигинин алдында жаңы карыздар топтолууда деген жыйынтыкка келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12294