Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 48 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт
RU

Быйыл мамлекеттик карызды төлөөгө 48 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйылкы жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 48 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин расмий сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, жыл башында өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө 2 миллиард 11,8 миллион сом бөлүнгөн.

Анын 1 миллиард 168,5 миллион сому тышкы мамлекеттик карызды төлөөгө, калганы ички карызды жабууга кеткен.

Жалпысынан быйылкы жылы бул максатта 48 миллиард 625,4 миллион сом колдонуу пландалып жатат.

Белгилей кетсек, өткөн жылы тышкы карызды төлөө үчүн 33,6 миллиард сом жумшалган.

Учурда мамлекеттин 4,5 миллиард доллар тышкы карызы бар.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10821