Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен баланын сөөгү 4 күндөн кийин табылды
RU

Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен баланын сөөгү 4 күндөн кийин табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен сейилдеп жүргөндө чөгүп кеткен балдардын экинчисинин да сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашат.

Белгилесек, 14-майда кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында 2 бала сууга чөгүп кеткен.

15-май күнү саат 08:35те 2009-жылы туулган Д.М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Ал эми 2006-жылы туулган М.А. аттуу баланы издөө иштери күнүгө уланып жаткан. Бүгүн, 18-майда 36 куткаруучу тартылып, саат 14:14тө анын сөөгү табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12337