Таластагы тигүү фабрикасын куруудагы коррупцияга шектелип мурдагы аткаминерлер кармалды
RU

Таластагы тигүү фабрикасын куруудагы коррупцияга шектелип мурдагы аткаминерлер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта тигүү фабрикасын куруудагы коррупциялык иштерге байланыштуу бир катар адамдар кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы аныкталган.

Таластагы тигүү фабрикасынын жана "Ника KG" курулуш компаниясынын эсебине 25 миллион сом мыйзамсыз которулуп, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголду.

Такталгандай, 2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеш тарабынан 2021-жылдын 14-октябрындагы "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобонун" талаптарын бузуу менен, долбоордук-сметалык документтери жана корутундусу жок эле жалпы суммасы 82 млн сомдук долбоор жактырылган. Ошол эле учурда долбоордун баасы жасалма түрдө жогорулатылган.

2022-жылдын октябрь айында Талас облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан текстиль фабрикасын куруу боюнча өткөрүлгөн мамлекеттик тендерлердин жыйынтыгында "Ника KG" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Келишимдин негизинде аткарылган иштердин бардык көлөмү иш жүзүндө кабыл алынгандан кийин 100% акча каражаты которулушу керек болчу. Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору 25 млн сом которгон.

Ушуга байланыштуукаражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо үчүн Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин квалификациялуу адистери тартылган. Долбоордук-сметалык документацияга салыштырма талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында курулуштун баштапкы этабында 7 миллион сомдон ашык (7038265 сом) четтөөлөр аныкталган.

2023-жылдын 18-майында тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында төмөнкүлөр кармалган:

  • Президентинин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Б.Н.;
  • Талас шаарынын мурдагы мэри Ш.А.А.;
  • Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т.;
  • Талас райондук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын мурдагы начальниги С.С.О.;
  • "Ника КГ" ЖЧКнын өкүлү, А.у.А.

Аты аталгандар Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12343