Таласта тигүү фабрикасын курууда мамлекетке 7 млн сом зыян келтирилген
RU

Таласта тигүү фабрикасын курууда мамлекетке 7 млн сом зыян келтирилген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Талас шаардык мэриясынын жана Талас облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан тигүү фабрикасын куруу үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында коопсуздук комитеттен билдиришет.

Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы Байкоочу кеңеши Талас шаарында тигүү фабрикасын куруунун долбоордук-сметалык документтери жана максатка ылайыктуулугу боюнча корутундулары жок, жалпы суммасы 82 миллион сомдук долбоорду мыйзамсыз жактырып, долбоордун иш жүзүндөгү наркын жасалма түрдө жогорулатып бекитип берген. Акчанын бир бөлүгү - 25 миллион сом "Ника KG" курулуш уюмунун эсебине мөөнөтүнөн мурда которулганы аныкталды.

Ошону менен тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилген.

Учурда кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12179