Си Цзиньпин: Дүйнөгө гүлдөп-өнүккөн Борбор Азия керек, Кытай ага жардам берүүгө даяр
RU

Си Цзиньпин: Дүйнөгө гүлдөп-өнүккөн Борбор Азия керек, Кытай ага жардам берүүгө даяр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 19-майда Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга жардам берүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул пландар инфраструктураны куруу жана сооданы көбөйтүүнү камтыйт. Ошол эле учурда "тышкы кийлигишүүгө" каршы туруу тууралуу да айтылды.

Кытай Борбор Азиянын беш мамлекети – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен өнүгүү стратегияларын шайкеш келтирүүгө жана "Борбор Азия-Кытай" саммитине катышкан алты өлкөнүн бардыгын модернизациялоону тездетүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр. Бул тууралуу Си Цзиньпин Сиань шаарында өтүп жаткан саммиттин катышуучуларына кайрылып жатып билдирди.

Дүйнөгө туруктуу, гүлдөп-өнүккөн, гармониялуу жана обочолонбогон Борбордук Азия керек.

Ошол эле учурда Кытай лидери, алты мамлекет өздөрүнүн ички иштерине "сырттан кийлигишүүгө" жана "түстүү революцияларды" тутантуу аракетине каршы турууга тийиш экенин кошумчалады. Жана дагы терроризмге, сепаратизмге, экстремизмге көз жумбай, сабыр кармабоого чакырды.

"Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө укук коргоо структураларын жакшыртууга, коопсуздукту жакшыртууга жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берүүгө даяр", - деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12352