Садыр Жапаров кытайлык ири ишкерлерге Кыргызстанда ГЭС курууну сунуштады
RU

Садыр Жапаров кытайлык ири ишкерлерге Кыргызстанда ГЭС курууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-майда президент Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчы кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык потенциалы чоң экенин, керектүү шарттар түзүлгөнүн жана инвесторлор мамлекет тарабынан корголуп жатканын айтты.

Мамлекет башчы Кыргызстан КМШда эң либералдуу, жеңилдетилген инвестициялык саясат жүргүзүп жатканын, чет элдик инвестиция боюнча мыйзамдар, биринчи кезекте инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо жаатындагы мыйзамдар эл аралык стандарттарга ылайык келерин белгиледи.

Мындан тышкары президент кытайлык ишкерлерге Кыргызстанда инвестициялык виза киргизилгенин, инвестициялык категориядагы визаларды берүүнүн мөөнөтү беш жылга чейин – өлкө экономикасына 10 миллион сом салым кошкондо жана өлкөнүн экономикасына 20 миллион сом салым кошкон учурда 10 жылга чейин виза берилерин айтты.

"Өлкөлөрдүн ортосунда инвестицияны өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча эки тараптуу келишим бар. Бул келишим кытайлык компанияларга Кыргызстанга инвестиция салууга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Учурда кош салыкка жол бербөө шарты менен кытай компанияларына Кыргызстанга инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берет. Жогоруда айтылгандардын негизинде кыргыз тарап кытайлык компанияларды Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө, катышууга чакырат", - деди Жапаров.

Президент белгилегендей, Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын бири энергетика тармагын өнүктүрүү, анткени өлкө гидроэнергетикалык ресурстарга бай. Мамлекет башчы чет элдик, анын ичинде кытайлык өнөктөштөрдү ГЭСтерди куруу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Кызыкчылык болсо кыргыз тарап Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча сунуштарды жана механизмдерди кароого даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12338