Мурда сот жообуна тартылган деген мектеп директору иштен кетти. Бирок себеби башка
RU

Мурда сот жообуна тартылган деген мектеп директору иштен кетти. Бирок себеби башка

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы №101 мектептин директору Гүлжан Жантаева ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бул туурасында Kaktus.media сайтына мэриянын билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Аталган мекемеден Билим берүү жана илим министрлигине мектеп директорлугуна орун бош экенин билдиришти.

Белгилесек, Биринчи Май районунун акими Максатбек Сазыкулов Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгына 2023-жылдын апрель айында директор болгон Жантаеваны кызматтан алуу сунушун жөнөткөн. Катта Жантаева акимчиликтин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн негизи жана уруксаты жок мектеп окуучуларын эки жолу онлайн окууга жибергени, ошол эле учурда окуучуларга ысык тамак берилип жатканын айткан деп жазылган.

Андан мурда №101 мектепте билим алган окуучулардын ата-энелери директорлукка сот жообуна тартылган адам келди деп нааразы болушкан. Билим берүү жана илим министрлиги Жантаеванын соттуулугу жоюлганын айтышкан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12412