Бишкекте сынактан өткөн мектеп директору мурда соттолгон. Министрликтин жообу
RU

Бишкекте сынактан өткөн мектеп директору мурда соттолгон. Министрликтин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы №101 мектептин окуучуларынын ата-энелери Kaktus.media сайтынын редакциясына кайрылышты. Алар №15 жана №42 мектептердин экс-директору Жантаева Гүлжан Медербековнанын №101 мектепке директор болуп дайындалышы канчалык мыйзамдуу экенине кызыгышты.

Арыз ээлери анын моралдык укугу жок деп эсептешет. Анткени, ал 2016-жылы Биринчи Май райондук соту тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренесинин 1-пункту (Кызмат адамы өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланса, эгерде бул жосун граждандардын же юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келсе) менен сот жообуна тартылган дешет.

Директор эмне үчүн соттолгон?

Чынында эле Биринчи Май райондук сотунун Жантаевага карата чыгарган чечими Жогорку Соттун сайтында жарыяланган.

Иштин материалдарына ылайык, Жантаева Биринчи Май районунун №15 орто мектебинин директору болуп туруп, кызматтык ыйгарым укуктарын кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, химия мугалими Л. Белоруста экенин билип туруп, иш убактысынын таблицасын бекитип берген. Тагыраагы, 2014-жылдын августунан декабрына чейин Л. жумушка күн сайын 8 сааттык чыгуу менен барарын билдирген.

Бул отчёттук баракчалар Биринчи Май райондук билим берүү борборуна берилип, натыйжада химия мугалими иш жүзүндө иштебегени, бирок ага эмгек акы мыйзамсыз алынганы такталган. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен мугалимге 41125 сом эмгек акы чегерилген.

Сот отурумунда Жантаева өзүнө тагылган айып боюнча күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, кылган ишине өкүнгөн. Ал соттон акыйкат чечим чыгарууну суранган.

Биринчи Май райондук соту Жантаеваны 304-берененин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 1000 эсептик көрсөткүч (100 000 сом) өлчөмүндө мамлекетке айып салууга өкүм кылган.

Соттун өкүмү даттанылган эмес

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан Kaktus.media сайтына билдиргендей, Жантаеванын иши боюнча базада эч кандай маалымат жок, ошондуктан биринчи инстанциянын чечими даттанылбай, айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген.

Билим берүү жана илим министрлигинин комментарийи

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы Kaktus.media сайтына Гүлжан Жантаеванын соттуулугу бар экенин, бирок ал жоюлганын билдирди.

"Билим берүүнүн жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо боюнча улуттук борбор расмий документке таянат. Жантаева бардык тиешелүү документтерди жана 2023-жылдын 10-февралынан баштап соттолбогону боюнча маалымкатты (6 айга жарактуу) тапшырган", - деп белгилешти ведомстводон.

Бирок качан жана кайсы сот тарабынан айыптуулугу боюнча өкүм алынганын такташкан жок.

Kaktus.media Жантаеванын пикирин угууга даяр. Ал үчүн редакцияга +996 700 62 07 60 телефону аркылуу кайрылуусу керек.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык. Liter.kz`тен алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11522