Окуучу кызды чөгөлөтүп кечирим сураттырышкан. Мугалимге, мектеп директоруна чара көрүлөт
RU

Окуучу кызды чөгөлөтүп кечирим сураттырышкан. Мугалимге, мектеп директоруна чара көрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айбек Маткеримов окуучу кыздын тизелеп кечирим сурап жаткан видеосуна байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 22-майдагы жыйынында депутат мугалимдер кызды чөгөлөтүп, дээрлик хандык доорго кайтарышканын белгиледи.

Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мындай жагдай Сузак районундагы №16 мектепте болгонун айтты.

"Текшерүү жүргүзүлдү. Мектептин мугалимине жана директоруна, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына чара көрүлөт", - деп кошумчалады ал.

Маткеримов мугалимдерди сыйлоо керектигин, бирок алар мындайга жол бербеши керектигин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12417