Сузакта окуучу кызды классташынан чөгөлөтүп кечирим сураттырышкан (видео)
RU

Сузакта окуучу кызды классташынан чөгөлөтүп кечирим сураттырышкан (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №16 мектепте окуучу кыз башка окуучу кыздан тизелеп кечирим суроого аргасыз болгон. Бул тууралуу Айка Мусаева аттуу социалдык тармактын колдонуучусу Facebook баракчасына чыгарган. Ал кыздын ата-энеси жок экенин жазган.

"Чын эле чөгөлөп кечирим сураганга болобу? Кайсы кылымда жашап жатабыз? Мындай кордуктан кийин өз жанын кыйбайт деп ким кепилдик бере алат? Кыз курбусунун жакасына калем менен жазып койгон, ал кыздын апасы мектепке келип, жазалоону талап кылган", - деп жазат Мусаева.

Билим берүү министрлиги окуя үстүбүздөгү жылдын январь айында болгонун, иликтөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жазага тартылат деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12369