Сузакта өз атасы зордуктаган кыздын үрөй учурган окуясы (видео)
RU

Сузакта өз атасы зордуктаган кыздын үрөй учурган окуясы (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жазираны (аты өзгөртүлдү) өз атасы он жыл бою зордуктап жүргөн. Биринчи жолу кызды жети жашында кордогон – ошол учурда анын аялы ооруканада болчу. Бул тууралуу "Азаттык" маалымдады.

"Ал мени күч колдонуп зордуктады. Мен ыйлап жибердим. "Ата, мага тийбе! Эмне үчүн?" деп кыйкырдым. Ал "ыйлаба! Мен сени азыр өлтүрөм! Апаңа айтсаң өлтүрөм! Апаңа айтпа! Ооруканадан келгенде өзүңдү кадимкидей алып жүр!" деген. Апам келгенде мен эч нерсени байкатпаганга аракет кылдым", - деп эскерет өспүрүм.

Он жылдан ашык убакыттан бери кыздын апасы үй-бүлөдө эмне болуп жатканын билген эмес. Ал эми атасы эки ай мурун гана кармалган. Тергөө учурунда Жазира зордуктоо боюнча 43 эпизод тууралуу айткан. Иш Сузак райондук сотунда каралууда. Кызды коргоп жаткан тарап атасын өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылып жатат.

Соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, аялы менен кызы аны үй жана материалдык кызыкчылык үчүн сотко берип жатат.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы Kaktus.media сайтына буларды билдирди. 2023-жылдын март айында Сузак РИИБге 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, зордуктоого кабылганын билдирген. Арызында 2022-жылдын сентябрь айынын аягында 1980-жылы туулган атасы Н.К. тарабынан зордукталганын жазган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси менен катталган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө судьясы аны СИЗОго камаган.

Шаардык ички иштер бөлүмү тыкыр иликтөө жүргүзүп, экспертизада зордуктоо фактысын тастыкталганын билдирет. Иш материалдары сотко берилгенин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12460