Артта калгандар кууп жеткиле же... Акылбек Жапаров дагы бир министрликтин ишин сынга алды
RU

Артта калгандар кууп жеткиле же... Акылбек Жапаров дагы бир министрликтин ишин сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жыйын өткөрдү. Анда Жапаров жетекчиликке приоритеттүү тапшырмаларды койду дешет Министрлер кабинетинен.

Жыйында министрдин орун басарларынын, ведомстволордун жетекчилеринин I квартал боюнча ишинин жыйынтыгы тууралуу отчёттор угулду.

Акылбек Жапаров эл аралык маанидеги жолдорду куруунун алгачкы долбоорлорунда жарандарга жана туристтерге зарыл болгон rest points (эс алуу точкалары) эске алынышы керектигин айтты.

"Күн сайын унаалардын саны өсүп, жолдордогу жүктөм эки эсе жогорулады. Ошондуктан жыл сайын эле жолдогу тешиктерди ремонттойбуз дебей сапаттуу жолдорду куру зарыл. Заманбап технологияларга өзгөчө көңүл буруу керек, Японияда болдук, бизге аба ырайынын шарттарына карабастан жолду төшөөгө мүмкүндүк берүүчү технологияларды көрсөтүштү. Андай технологияны биз да колдонбойлу", - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы министрликтин иштөө темпи байкаларлык эле төмөндөгөнүн айтты.

"Былтыр чоң иштер аткарылып калган, май айында эле 25,8 чакырым асфальт төшөлгөн. Быйылкы жылы каржылоо 1,2 млрд сомго көп бөлүнгөнүнө карабастан 24,5 чакырым асфальт төшөлүптүр. Жолдор биздин кан тамырларыбыз сыяктуу, алардын курулушу өлкө башчынын өзгөчө көзөмөлүндө. Ошондуктан күчтөнтүү керек", - деп белгиледи ал.

Жыйындын аягында ушул жылдын сентябрь айында министрликтин ишмердүүлүгүнө баа берилет.

"Министрлер кабинетинин иштөө темпи күн сайын жогорулап жатат, артта калып калгандарга кууп жетүү керек же "аялдамада" калып калуу керек", - дейт Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12502