Акылбек Жапаров айыл чарба министрлигинин ишине канааттанбай, эскертүү берди
RU

Акылбек Жапаров айыл чарба министрлигинин ишине канааттанбай, эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды. Ал дээрлик бардык тармактарда артта калып жатабыз дейт.

"Кайсы жерде болбосун, бардык жерде: балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөндөрдө кемчилик бар. Агрардык өлкө катары бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн жылы эле айыл чарбасын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 20 миллиард сом каралган. Бирок азырынча ишиңиздердин реалдуу жыйынтыгын көрө элекпиз. Өткөн жылы жакшы темп алып, бирок быйыл иш солгундай баштады", - дейт Жапаров Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда.

Төрага министрликтин ишин толугу менен карап чыгуу керектигин белгиледи.

"Бул министрликтин акыркы керектөөчүсү дыйкан, андыктан сиздердин иш минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодон баштап, өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого чейин анын керектөөсүн толугу менен канааттандырышы керек. Бул иштин бардык чынжырчасы сиздердин көзөмөлүңүздө болушу керек", - деп белгиледи.

Акылбек Жапаров Россия Федерациясы тарабынан айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча министрликтин ишин сынга алды.

"Эмне үчүн мындай абалга жол бердиңиз, лабораториялар эмне кылып жатышат. Аларды тиешелүү реактивдер менен камсыз кылуу, заманбап технологиялар менен жабдуу зарыл, сиздерде финансылык мүмкүнчүлүктөр бар. Үй-бүлөсүн баккан дыйкандар кыйналып жатканын түшүнөсүңөрбү?", - дейт.

Мурда министрлик иштин натыйжасыздыгынын бирден-бир себебин каржылык ресурстардын жетишсиздиги деп атаса, азыр бул көйгөй жок дейт Жапаров.

"Бирок иш кандай турса, ошол бойдон турат. Кыймылдагыла, азыр убакыт бизге каршы иштеп жатат. Ирригациялык системаларды тазалоочу техникалар качан келет, эмне үчүн келишим түзүлө элек, качан ОЧК-2 курулушу башталат", - деп суроо салды.

Өз кезегинде Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеев тазалоочу жабдууларды сатып алуу боюнча келишимге 2 айдын ичинде кол коюларын, аны алып келүү үчүн да ушунча убакыт талап кылынарын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берип, "министрликтин ишмердүүлүгүнө сентябрь айында тиешелүү баа берилерин" белгиледи.

"Сиздерге министрликтин ишин оңдоп, жолго коюуга акыркы мүмкүнчүлүк берилип жатат, бирок сентябрда сезилерлик жыйынтыктарды көрбөсөк, ведомствого караштуу мекемелердин бардык жетекчилери, министрдин орун басарларына чейин ээлеген кызматтарынан бошотулат", - деп жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12486