Анжелика менен Алга Кылычов соттошууда. Жоопкер тарап доону чакыртып алууну талап кылды
RU

Анжелика менен Алга Кылычов соттошууда. Жоопкер тарап доону чакыртып алууну талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирип, чындыкка дал келбеген маалымат таратты деп Алга Кылычовду сотко берген. Ошондой эле 10 млн сом доо койгон.

Алга Кылычовдун жактоочусу Жанатбек Гульжигитов ырчыдан доо арызын чакыртып алууну суранды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды. Kaktus.kg сайты Алга Кылычовдун өзү менен байланышканда буларды айтты.

"Жактоочум жигиттик кылып акыркы мүмкүнчүлүк берели дегенине макул болдум", - дейт Кылычов.

Ал эми Анжеликанын жактоочусу жогоруда айтылгандарды четке какты. Ал дагы бир ирет жалаа жабуу болуп жатат дейт.

"Бул кечирим суроо эмес, бул кемсинтүү жана дагы бир жолу жалаа жабуу.Биздин тарап эч кандай ачыкка чыгуудан коркпойт. Анткени, ал жерде жарыялай турган эч нерсе жок, биз алардын айткандарынын барын акыркы сот отурумунда көрдүк. Алар далил катары ушак-айыңдарды, божомолдорду жана катардагы эле фантазияларды гана көрсөтүштү. Алардын айткандарынын баары сотто фактылар менен оңой эле жокко чыгарылат. Кимдир-бирөөнү өлтүргөнүн же кандайдыр бир шектүү байланышы бар экенин далилдей алган жок. Айыпталуучунун ар бир кемсинтүүчү сөзү ага каршы чыгат", - деп билдирди жактоочу Kaktus.kg сайтына.

*****

2022-жылы Алга Кылычов "Дөө Чыӊгыз" (Чынгыз Жумагулов) каймана аттуу кримавторитеттин өлүмүнө Анжеликанын түздөн-түз тиешеси бар" деп өзүнүн Facebook`тагы баракчысы аркылуу айткан. Бул билдирүүдөн кийин Анжелика Кайратова Алга Кылычовду сотко берип, 10 миллион сом доо койгон.

Биринчи соттук отурум 7-декабрга белгиленип, анда эки себептен улам ишти кароо кийинкиге жылдырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12557