Ырчы Анжеликанын доосу канааттандырылса, каражат кайда жумшаларын жактоочусу айтты
RU

Ырчы Анжеликанын доосу канааттандырылса, каражат кайда жумшаларын жактоочусу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-декабрда ырчы Анжелика Кайратованын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделди коргоо, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жокко чыгаруу боюнча соттук отурум өттү. Бул туурасында ырчынын жактоочусу тарабынан белгилүү болду.

"Эгер сот доону канааттандырып, моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылса, анда бардык каражаттар балдардын реабилитациялык борборунун эсебине которулат", - деди жактоочу.

Белгилей кетсек, Алга Кылычов "Дөө Чыӊгыз" (Чынгыз Жумагулов) каймана аттуу кримавторитеттин өлүмүнө Анжеликанын түздөн-түз тиешеси бар" деп өзүнүн Facebook`тагы баракчысы аркылуу айткан. Бул билдирүүдөн кийин Анжелика Кайратова Алга Кылычовду сотко берип, 10 миллион сом доо койгон.

Биринчи соттук отурум 7-декабрга белгиленип, анда эки себептен улам ишти кароо кийинкиге жылдырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9685