Жапаров: "Жакшы жактарын да айталы, Акаевдин көрсөтмөсү Кумтөрдү алганга жардам берди"
RU

Жапаров: "Жакшы жактарын да айталы, Акаевдин көрсөтмөсү Кумтөрдү алганга жардам берди"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин өлкөгө келиши коом тарабынан терс кабыл алынды. Ал киши Кыргызстанга келди дегенде эле ар түрдүү пикирлер айтылды. Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү өлкөгө ээн-эркин кирип-чыга береби деген суроого президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине жооп берди.

Өлкө башчы белгилегендей, Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен.

"Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан "Кумтөрдү" "Центеррадан" талашып жатканда "көрсөтмө берип кетиңиз" деп атайын чакырганбыз.

Камалбай турганына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек дагы камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле.

Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү "Кумтөрдү" Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган болчу. Ошол мезгилде кетирген каталарын дагы ушул жерден оңдоп кетти десем болот. Азыр дагы кеч эмес. "Кумтөр" мындан ары дагы 30-40 жыл Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. "Кумтөрдүн" алтыны дароо элдин пайдасына иштей баштады. Эмгек акы, пенсия-жөлөкпулдарды дароо эселеп көтөргөнгө жардам болду".

"Ал эми Аскар Акаев юридикалык болбосо да, моралдык жоопкерчиликти сезиши керек беле?" деген соболго кемчиликтер болгонун, бирок жакшы жактарын да айтуу керек дейт.

"Эми ал убакта кандай кыйынчылыктар болду, кандай тоскоолдуктар болду, азыр алардын баарына баа берип сындаш кыйын. Анткени ошол мезгилде Союз чачырап, 15 өлкө өз арабаларын өздөрү тартып калган учур болчу. СССР бардык мамлекеттерди бири-бирине байлап койгон экен. Бир эле техника өндүрүүдө керектүү заводдорду ар башка мамлекеттерге куруп коюшкан. Мисалы, бир тетиги бизден чыкса, экинчи тетиги Россиядан чыгат, үчүнчү тетиги Украинадан чыгат. Анан баарын төртүнчү мамлекет жыйнап, чогултуп чыгарат. Ушул сыяктуу чырмалышкан маселелер көп болгон. Союз чачыраганда ошол байланыштар координацияланбай калды да. Бизде эле эмес, көпчүлүк өлкөлөрдө завод-фабрикалар жоюлуп кетти.

Ал эми "Кумтөр" сыяктуу маселеде оң жолду таап, айыл-чарба, мал-чарбачылыктарын чачыратпай сактап калса болмок. Бул өзүбүздөн көз каранды эле.

"Иштебеген киши жаңылбайт" дейт. Иштеген киши сөзсүз кемчилик кетирбей койбойт. Жакшы жактарын дагы айтып коюшубуз керек. Биринчилерден болуп улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизген. Бул жерден абдан көрөгөчтүк кылган. Азыркыга чейин биздин валютабыз чөлкөмдөгү күчтүү валюта болуп, кунун жоготпой келе жатат. Бул ошол убактагы абдан чоң жетишкендик болгон", - дед Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12624