Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын өлкөгө келген себеби белгилүү болду
RU

Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын өлкөгө келген себеби белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскар Акаев менен Майрам Акаева ырасында эле Кыргызстанга келип, учурда Бишкекте жүрүшөт. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына алардын жакындары кабарлашты.

Акыркы бир аптадан бери Акаевдер Казакстанда болуп, тунгуч президент жергиликтүү университеттерде лекция окуду. Андан кийин 18-майда Таласка Майрам Акаеванын туугандарына барышкан.

Колдо болгон маалыматка караганда, Аскар Акаев алдыда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (Политех) жана Улуттук илимдер академиясында лекция окуйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12387