Жогорку Кеңеш фейктерге бөгөт коюу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү четке какты
RU

Жогорку Кеңеш фейктерге бөгөт коюу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште 31-майда "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, депутаттар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон жок.

Мыйзам долбоорунун максаты менен депутат Дастан Бекешев тааныштырды. Айтымында, "Административдик иштин негиздери жана процедуралары жөнүндө" мыйзамда белгиленген мамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу арыздарын кароонун жол-жоболорундагы карама-каршылыктарды жоюу пландалып жатканын белгиледи. Башкача айтканда, интернеттеги сайттын же баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби киргизилген.

Мындан тышкары интернет сайттын же баракчанын ээси тарабынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн арыз ээсинин арызы келип түшкөн учурдан тартып 24 саат аралыгында эмес, 3 күнгө чейин узартуу сунушталат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоору четке кагылды.

Белгилиесек, мыйзам долбоорун Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Эльмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Чыңгыз Айдарбековдор демилгелеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12675