Президент Жогорку Кеңештен фейктерге бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун колдоосун өтүндү
RU

Президент Жогорку Кеңештен фейктерге бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун колдоосун өтүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактардагы фейктерге каршы күрөшүү боюнча талаштуу мыйзам долбоору кайрадан Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат. Бул тууралуу Kaktus.mediaга парламенттен бүгүн, 27-июлда кабарлашты.

Эскерте кетсек, 30-июнда депутаттар Гүлшат Асылбаева тарабынан иштелип чыккан жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо боюнча мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын четке кагышты. Долбоор социалдык тармактардагы жасалма аккаунттарды бөгөттөөнү жана жалган маалыматтардын жайылышын токтотууну камтыйт. Долбоорго ошондо 59 депутат макул болгон, 38 каршы добуш беришкен. Долбоордун өтүшү үчүн ага депутаттардын жарымынан көбү, башкача айтканда, 60тан ашыгы добуш бериш керек.

Бирок, белгилүү болгондой, депутаттар менен болгон акыркы жолугушууда президент Садыр Жапаров алардан макулдашылган мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранды.

Бүгүн мамлекет башчысы парламентарийлерди кабыл алууга чакырды, аны депутаттардын бири "тарбиялоочу сессия" деп атады.

Ошол эле учурда, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген парламенттик шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2774