УКМК: Улан Сариевдин шайлоочулардын добушун сатып алуу аракети боюнча далилдер алынды
RU

УКМК: Улан Сариевдин шайлоочулардын добушун сатып алуу аракети боюнча далилдер алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузууга, ошондой эле №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин добуштарды сатып алуу фактыларына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Иликтөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө жана сот тарабынан санкцияланган атайын иш-чаралар жүргүзүлүп, №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутаттыгына талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды.

Учурда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, жыйынтыгында чогултулган материалдар БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12689