"Чет өлкөлүк өкүл" макамы. Нарматованын 8 жылдан бери ишке ашырууга аракет кылган мыйзамы
RU

"Чет өлкөлүк өкүл" макамы. Нарматованын 8 жылдан бери ишке ашырууга аракет кылган мыйзамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эсиңизде болсо, өткөн жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Алгач, аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Надира Нарматова жалгыз болсо, кийин 32 депутат соавтор болуп кошулган.

Бирок, 8-июндан тарта бир катар депутаттар долбоордун демилгечиси болуудан баш тартып башташты.

Алардын бири депутат Чойбеков мыйзам долбоорунун акыркы редакциясында ал макул болбогон башка нормалар да камтылганы үчүн баш тартканын айтты. Эл өкүл кайсыл нормалар экенин ачыктаган жок.

"Башында каржылоонун ачык-айкындыгы тууралуу сөз болгон. Мен муну колдогом. Бирок кийин башка талаптар да кошулган экен. Мисалы, Юстиция министрлиги фонддорду жабуу боюнча чечим чыгарат. Бул жана башка нормалар мага туура келбейт. Ошондуктан бүгүн баш тартуумду билдирдим. Талкуу аяктап, мыйзам долбоору кароого коюлгандан кийин мен баш тартууну жазуу жүзүндө берем", - деди депутат.

Бул мыйзамдын долбоору 2022-жылы 21-ноябрда коомдук талкууга чыгарылып, талкуу аяктады. Эми тармактык комитетке биринчи окууга киргизилет (Качан экени белгисиз). Анда комитеттин колдоосун тапса парламеттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөр

Мыйзам колдоо тапса "Чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм" деген түшүнүк пайда болот. Кыскасы, Кыргызстанда чет өлкөдөн, ар кыл эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган бейөкмөт уюмдар "Чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм" деп аталып калат.

Мыйзам долбоорунда бир катар мыйзамдар сунушталууда:

  • чет мамлекеттерден, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алган бейөкмөт уюмдун мүчөсү өлкө аймагындагы саясий иштерге байланыштуу иш-чарага катышып же уюштурса чет мамлекеттин өкүлүнүн милдеттери аткарган коммерциялык эмес уюм Кыргызстандын саясий иштерине аралашкан болуп калат;
  • Коммерциялык эмес уюм Кыргызстандын мыйзамдарында каралган тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту берүүгө тийиш. Тагырагы толук бухгалтердик отчетту аудиттен өткөрүп, ар бир кызматкерлин айлыгын ачыкташ керек болот;
  • Коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин көлөмү жана түзүмү, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун мүлкүнүн көлөмү жана курамы, анын чыгымдары, кызматкерлердин саны жана курамы жөнүндө маалымат ачык болушу керек. Бул коммерциялык сыр болбойт дегенди түшүндүрөт;
  • Коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жөнүндө, жетекчилиги, курамы жөнүндө документтерди берүүгө милдеттендирилет;
  • Чет мамлекеттин өкүлүнүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилген документтерде чет өлкөлүк булактардан алынган мүлктү акча каражаттарын жана башка мүлктү чыгымдоонун максаттары жөнүндө, жана алардын иш жүзүндө пайдаланылышы тууралуу маалыматтар сөзсүз болушу керек.

Чет мамлекеттин өкүлүнүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар ыйгарым укуктуу органга жогоруда аталган документтерди жарым жылда бир жолу, каражаттарын чыгымдоонун жана башка мүлктү, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан алынган мүлктү пайдалануунун максаттары жөнүндө документтерди – ар квартал сайын, аудитордук корутундуну – ар жыл сайын берип турушу зарыл.

Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм катары иштеген бейөкмөт уюмдардын бөлүмдөрү –ар жыл сайын, ал эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар – жарым жылда бир жолуөзүнүн иши жөнүндө, анын ичинде өзүнүн негиздөөчүлөрү, мүлкүнүн курамы, булактары тууралуу жана акча каражаттарын чыгымдары тууралуу отчетту массалык маалымдоо каражаттарынаберип же болбосо интернет тармактарына жайгаштырышы керек болот.

"Чет өлкөлүк агент" макамын мыйзамдаштыруу аракети

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бир нече жолу чет жактан каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" макамын ыйгарууну парламентте сунуштаган.

"Чет элдик тыңчылар" жөнүндөгү мыйзам алгач, 2014-жылы 26-майда Жогорку Кеңешке сунушталган. Демилгечилердин катарында Надира Нарматова да болгон. Андан сырткары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев да бар болчу.

Кийин буга окшош эле долбоор 2016-жылы сунушталган. Анда Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, артка кайтарылган.

Бул сыяктуу мыйзам 2019-жылдын декабрында да депутат Бактыбек Райымкулов тарабынан сунушталган. Анда дагы мыйзам долбоору сынга кабылып, анын көпчүлүк бөлүгү Россиянын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына окшош экени ачыкталган.

Россиядан көчүрүлгөн

Бул ирет дагы "Адилет" укуктук клиникасы мыйзам долбоорунун дээрлик 99%ы Россиянын "Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктады

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова депутаттардын тобу сунуштаган мыйзам долбоорун Конституциянын талаптарына каршы экенин айтып келет.

Жакында эле бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөнүн элчиликтерине Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны чектеген мыйзам долбоорлордун авторлорунун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизүү керек деген кайрылуу жасашты.

Башкы беттери сүрөт: интернеттен алынган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12856