Депутаттар бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси болуудан баш тартышууда
RU

Депутаттар бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси болуудан баш тартышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков ("Элдик" депутаттык тобу) бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга катышуудан баш тартты. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына депутат өзү тастыктады.

Депутаттын айтымында, ал бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга каржылык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө жагындагы өзгөртүүлөрдү колдогон. Бирок, Чойбеков белгилегендей, мыйзам долбоорунун акыркы редакциясында ал макул болбогон башка нормалар да камтылган.

"Башында каржылоонун ачык-айкындыгы тууралуу сөз болгон. Мен муну колдогом. Бирок кийин башка талаптар да кошулган экен. Мисалы, Юстиция министрлиги фонддорду жабуу боюнча чечим чыгарат. Бул жана башка нормалар мага туура келбейт. Ошондуктан бүгүн баш тартуумду билдирдим. Талкуу аяктап, мыйзам долбоору кароого коюлгандан кийин мен баш тартууну жазуу жүзүндө берем", - деди депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин демилгечилердин тизмесине да кирген депутат Эмил Токтошев кол тамгасын чакыртып алганы белгилүү болгон. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси Надира Нарматова айрым маселелер боюнча анын пикирин эске алган эмес.

Бүгүн, 9-июнда бул эл өкүлдөрүнүн катарына Эмил Жамгырчиев дагы кошулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12852