Экспетриза жыйынтыгы менен Исаковду урган кишиге карата иш козгоо же козгобоо чечим чыгат
RU

Экспетриза жыйынтыгы менен Исаковду урган кишиге карата иш козгоо же козгобоо чечим чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Ыдырыс Исаковду урган мурунку аткаминер менен эркин журналист Ыдырыс Исаков окуя болгондон кийин эле Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков kaktus.kg редакциясына кабарлады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя тууралуу билдирүү бүгүн, 12-июнда болжол менен саат 12:20лар чамасында түшкөн. Анда Асылбек аттуу жаран Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборлорунун биринчи ызы-чуу болуп жаткандыгын кабарлаган. Жерине ыкчам-тергөө тобу барган.

Учурда Ыдырыс Исаковдун денесине келтирилген жарааттын оор-жеңилин аныктоо боюнча экспертиза жүрүп жатат.

"Окуя боюнча билдирүү болоор замат милициялар жерине барган. Учурда экспертиза жүрүп жатат. Мыдан бир саат мурун (18:30да) Маматкерим Койчукулов Ак-Буура шаардык милициянын бөлүмүндө болчу. Азыр ал үйүндө болсо керек, менимче. Себеби, экспетизанын жыйынтыгы менен гана иш козгоп же козгобоо чечими чыгышы керек", - деди Замир Сыдыков.

Эске салсак, 12-июнда эркин журналист Ыдырыс Исаков өзүнүн instagram баракчасына "Пансионат Ош" мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов аны бетке чапкан видеосун жарыялап, Ош шаардык милицияга азыр жазганы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12886