"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорунун калети кайда? Бул документ боюнча 10 жүйөө
RU

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорунун калети кайда? Бул документ боюнча 10 жүйөө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Надира Нарматова муну менен биринчи жолу аталган мыйзам сындуу долбоорду демилгелеп жаткан жок.

"Чет өлкөлүк агент" макамын мыйзамдаштыруу аракети

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бир нече жолу чет жактан каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк агент" макамын ыйгарууну парламентте сунуштаган.

"Чет элдик тыңчылар" жөнүндөгү мыйзам алгач, 2014-жылы 26-майда Жогорку Кеңешке сунушталган. Демилгечилердин катарында Надира Нарматова да болгон. Андан сырткары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев да бар болчу.

Кийин буга окшош эле долбоор 2016-жылы сунушталган. Анда Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, артка кайтарылган.

Бул сыяктуу мыйзам 2019-жылдын декабрында да депутат Бактыбек Райымкулов тарабынан сунушталган. Анда дагы мыйзам долбоору сынга кабылып, анын көпчүлүк бөлүгү Россиянын "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамына окшош экени ачыкталган.

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорунун калети кайда?

Бул мыйзам долбоорунун артында туура ой турушу болуусу мүмкүн, ал ойлор өлкөнүн коопсуздугу, кыргыз коомунун жана элинин аброю, саясий стабилдүүлүк, ырааттуу өнүгүү жөнүндө болушу мүмкүн. Бирок, бул жана ушу сыяктуу башка аруу ой-максаттарга айтылган мыйзам долбоорлору өбөлгө эмес, каршы келээри айкын. Долбоордун конкреттүү мыйзам-ченемдик калеттери, укуктук экспертизасы сиздерге эбак дайын.

Мындан улам жарандык коом эл өкүлдөрүнө бул мыйзам долбоорлорун – эң кеминде, азыркы сунушталып жаткан редакциясын – кабыл албоону өтүнөт.

"Бул өлкө үчүн, келечек үчүн, жана албетте парламенттин аброюу үчүн. Себеби, кээ бир долбоорлорду колдобой койуу – парламенттин кадыресе иши жана принципиалдуу укугу: ушул айтылган мыйзам долбоорлору так ошондой учур!", - дешет алар.

Төмөнкү кыска формада келтирилген жөнөкөй жарандык жүйөөлөр менен таанышсаңыз болот.

Бул долбоор боюнча 10 жүйөө:

  • Эң биринчиси: бул мыйзамдын кереги, зарылчылыгы жок. Чындап Кыргызстан үчүн зыяндуу, кооптуу келген иш-аракеттер үчүн кабыл алынган жана иштеп жаткан мыйзамдар бар. Өлкө үчүн кооптуу, зыяндуу болгон аракеттер чектөөсүз жана жазасыз калбайт – аларга каршы толук жетиштүү, кылмыш, жазык жана жаза жаатындагы мыйзамдар бар.
  • Эң маанилүүсү: бул мыйзам кыргыз жарандарын бөлөт, дискриминациялайт. Миңдеген жарандык коом уюмдарында (ЖКУ) иштеген жарандар – болжол менен 15 миңдей киши – тек гана өзүнүн ишине байланыштуу дискриминацияга кабылат. Бардык башка ишмердүүлүк жааттарындай эле, коомго, өз жергесине, коомчулугуна пайдалуу проекттерди ишке ашырып, өлкө бакубаттыгына салым кошом деп аткарган, мамлекеттик бюджеттен акча күтпөй, тескерисинче, өлкөгө акча алып келип жаткан аракети үчүн бул жарандарга чет элдик шпион, чыккынчы, саткын дегенге тете, жарандык намысына, урматына шек келтирген ярлык тагылат.
  • Эң логикалык жагы: иш-аракеттердин реалдуу мазмунуна, өлкө, коом үчүн эффектине кароонун ордуна, чет өлкөлүк байланыштар чечүүчү критерий болот. Башкача айтканда, кишинин акылына, ишине карабай, кийген көйнөгүнө карап аныктама берилип калат. Иши чет мамлекеттик өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу аткарылса эле, ЖКУлардын саясий мааниси бар ишин "чет элдик кызыкчылыктар" катарына чыгаруу чоң катачылык. Биринчиден, эгемен өлкөнүн активдүү, патриот жараны болуунун өзү саясий маселе. Саясат эркин коом учун суудай нерсе. Экинчиден, чет мамлекеттерден кыргыз өкмөтү карыз же жардам катары акча алганда, ал акчаны өз пайдабыз үчүн, өз пландарыбыз үчүн алабыз, бергендердин пландары үчүн эмес. ЖКУлар да так ошондой. Ар бир граттын, проекттин максаты, мазмуну даана ачык – алардын бардыгы кыргыз коому, жарандары үчүн пайдалуу болчу аракеттерге багытталат.
  • Эң практикалык жагы: кыргыз мамлекетинин эл аралык аренада жемиштүү кызматташуусуна терс таасир берет. Достук, кызматташтык сунуштаган тараптарга оң ишеним көрсөтүү – күчтүү жана эгемен мамлекеттин жолу. Ашкере кооптонуп, ишенбей, тегерете капкан орнотуп, өз жарандарыбызга ишеним артпай ярлык тагып, эшикти кулпулап алуу – чабал, алсыз мамлекеттин жолу. Бул мыйзам ички коомдук мамилелерди эле бузуу менен чектелбей, эл аралык биздин өнөктөштөргө болгон мамилебизди да чагылдырат. Мындай мамиле көргөн бүгүнкү өнөктөштөрдүн бизге болгон эртеңки мамилеси да тиешелүү тарапка өзгөрөт.
  • Эң материалдык жагы: Бул мыйзамдын кесепети сөзсүз түрдө экономикалык жактан терс болот. Кыргызстан ЖКУлары алып келген грант акчалары кескин азаят. Мамлекеттик дүң экономика көлөмү үчүн ал азыраак акча болгону менен, миңдеген жарандар үчүн анын чоң мааниси бар. ЖКУларда иштеген 15 миңдей жарандын жумушу, үй-бүлөлүк кирешеси. Ошол ЖКУлардын проекттери аркылуу материалдык, реалдуу пайда алып жаткан дагы жүз миңдеген жарандардын маселеси турат – жергиликтүү коомчулуктардын жашоо шарттары, балдардын өнүгүү шанстары, карылардын бакубат карылыгы, оорулуу, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана башка аярлуу жарандардын мүмкүнчүлүктөрү, дагы көптөгөн башка коом бөлүкчөлөрү жабыркайт. Бул азайган же токтоп калган иштердин баарын мамлекет өз мойнуна, өз каржысына алышы керек болот.
  • Эң глобалдуу жагы: көз алдыбызда кескин өзгөрүп жаткан дүйнө аренасында, Кыргызстан бул мыйзам менен өз жолун кеңейтеби же тарытабы деген суроо турат. Албетте, тек мазмуну өзү чектөө, жиктөө, контролдоо, тарытуу, жабуу, куугулоо сыяктуу маанилерди туйдурган мыйзам өлкө жолун кеңейтиши мүмкүн эмес. Кыргыз жарандары бул өзгөрүп келаткан дүйнөдө эптүү, шанстуу, ийкемдүү жана ийгиликтүү болуусуна бул каралып жаткан мыйзам өбөлгө болбойт, тескерисинче, эбегейсиз жолтоо болуусу шексиз.
  • Эң адашкан жагы: бул мыйзам кыргыз коомун жана улутун нукуралыкта сактап калууга өбөлгө боло албайт, бирок келечек муундардын бутун тосуп, тушоосун бекем байлап, басаар жолун кыйындатуусу – турган эле иш. Кыргыз маданиятын, нарк-насилин, баалуулуктарын сактоо, биринчиден, мамлекет өзү баш болгон жалпы коомдук иш, аны ЖКУлар өз алдынча аткара да албайт, жоготуп да салалбайт. Улуттук баалуулуктар бирөөлөрдү чектөө жана ярлыктоо аркылуу эмес, ырааттуу диалог, маданий аракеттер, үгүттөө жана кызыгуу аркылуу сакталат, байыйт.
  • Эң кейиштүүсү: бул мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарын, саясий партияларды, саясатчыларды дагы бир жолу эң активдүү, жоопкерчиликтүү, ар тараптуу жарандардын көз алдында терең терс жагдайда калтырат. Жогорку Кеңешке, депутаттарга аброй алып келбейт, сөгүш гана жаратат. Арийне, Кыргызстанга күчтүү, абройлуу парламент зарыл, бирок бул сыяктуу мыйзамдарды кабыл алуу парламентти жана депутаттарды кемсинтет, аброюн жоготот, алсыздандырат, ар түркүн сырттан кирген кызыкчылыктарга кол чаап мөөр басып берген кеңсеге айлантат.
  • Эң чукул жагы: Кыргызстандын ашыкча убакыты да, ашыкча каржы же адам ресурсу да жок, бүгүн биз бир да күндү, бир да сомду, бир да киши колун жана акылын жоготпой, жапатырмак өнүгүү үчүн жумшообуз зарыл! Дүйнө бир чети чоң ылдамдыкта технологиялык өнүгүү менен алек, бир чети ар тараптуу кризис менен алек. Ушул кырдаалда кыргыз өлкөсү сюрреалдуу коркунучтар менен күрөшүп, жүздөгөн мамкызматчынын колун байлап, миңдеген жарандын ишмердигин тобокелге салып, он миңдеген жарандардын акыбалын кыйындатып турчу убакыт эмес. Азыр коом ичинде ийри отуруп туз кеңешчү, баарыбыз ачык ой-пикир, сунуш, аракеттерди ортого салчу, сындуу ойду да, жактоочу ойду да угуп, өлкө үчүн туура багыттарды тандоочу убакыт!
  • Эң конструктивдүү жагы: акырында баса белгилечу жери – бул долбоорду кабыл албай койуу менен Жогорку Кеңеш депутаттары чоң позитивдүү мүмкүнчүлүктөрдү ача алат. Бул долбоорду четке түртүү менен кошо Жогорку Кеңеш коом ичинде конструктивдүү жана ар тараптуу диалогду баштоого чакыра алат, бийлик институттары менен жарандык коом институттарынын, медиа уюмдардын, бизнес коомчулугунун арасында жигердүү, жемиштүү иштешүү пайда болуусуна өбөлгө боло алат. Бул жана ушуга окшош долбоорлордун үстүндө жарыш сөздүн учугун улай, Кыргызстанда коом биримдигине, президент сөз кылып жаткан улуттук ынтымактын ширелишине, жиктешуу, жаатташуунун ордуна, бир жеңден кол чыгарууга мүмкүнчүлүк турат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12901