Кыргызстан -Тажикстан топографиялык жумушчу топтору чек ара боюнча протоколго кол коюшту
RU

Кыргызстан -Тажикстан топографиялык жумушчу топтору чек ара боюнча протоколго кол коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-июндан 11-июнга чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Жолугушуу "достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү духунда" өткөнү маалымдалды. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кийинки жыйыны Кыргызстанда өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12903