Тажикстан менен чек ара боюнча маселенин чечилиши солгундап калды. Президент себебин айтты
RU

Тажикстан менен чек ара боюнча маселенин чечилиши солгундап калды. Президент себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде кыргыз-тажик чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча комментарий берди.

Белгилей кетсек, Жапаров 2022-жылдын аягында Тажикстан менен чек ара маселеси жакынкы аралыкта чечилерин билдирген. Бирок процесс басаңдап калды дейт Садыр Жапаров.

"Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, жок эмес. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен тараптар чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизе салып жатышат. Ошол үчүн маселе токтоп калып жатат. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек", - деди ал.

Эске салсак, эки өлкө ортосундагы чек арага байланыштуу ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралып келет.

Буга чейин Москва өзүнүн документтерин жана карталарын Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара талаштарында чечүү үчүн издеп жатканы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11658