Роналду аялы менен ажырашса өмүр бою ай сайын 100 миң евро төлөп турушу керек болот
RU

Роналду аялы менен ажырашса өмүр бою ай сайын 100 миң евро төлөп турушу керек болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аль-Наср" футболдук клубунун оюнчусу Криштиану Роналду аялы Джоржина менен ажырашып кетсе Мадридден үй алып берип, өмүр бою ай сайын100 миң евро төлөп берет. Жубайлар Мендес даярдаган келишимге кол коюшту. Бул тууралуу sports.ru жазып чыкты.

Анда TV Guía өткөн шаршемби күнү келишимдин чоо-жайын жарыялаганы жазылган.

Документке 2017-жылы Джорджина алардын тун кызы Алана Мартинага кош бойлуу кезинде кол коюлганы кабарланган. Документти даярдоого Роналдунун агенти Хорхе Мендеш жооптуу болгон.

"Роналду менен ажырашкан учурда Роналдонун Мадриддеги мүлкү аялына өтөт. Кошумчалай кетсек, футбол жылдызы ага өмүр бою айына 100 миң евро төлөп берет", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле келишимдин шарттары былтыр июнь айында жаңы төрөлгөн эгиздердин бири каза болгондон кийин өзгөртүлгөнү белгиленген.

Криштиану менен Джоржина 2016 жылдан бери бирге. Алар 2018-жылы баш кошушканы менен расмий никеге тура элек болчу. Алардын Алана, Мартина жана Белла Эсмервльда атту балдары бар. Роналдунун суррогат энелерден дагы үч баласы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12920