Сауд Аравиясы Роналдунун "уят ишаратына" байланыштуу чечим чыгарды
RU

Сауд Аравиясы Роналдунун "уят ишаратына" байланыштуу чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү чабуулчу Криштиану Роналду Сауд Арабия чемпионатындагы беттештен кийин" уят ишарат" кылганы үчүн жазаланбайт. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин Роналду Лионель Мессинин ысымы бар күйөрмандарынын кыйкырыгына "уят ишарат" менен жооп кайтарып, коомчулук португалиялык спортчуну өлкөдөн депортациялоону талап кылган.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Сауд Арабиянын футбол федерациясынын тартип жана этика комитети расмий чечим чыгарган.

"Уюм окуяны карап чыгып, өз өкүмүн чыгарды: Роналду үчүн мындан ары жаза талап кылынбайт. Футболчу жазадан кутулуп кетти, анткени, социалдык тармактарда жарыяланган видеолор эмес, беттештин расмий трансляциясы гана көрүлгөн.

Матчтан кийин комитет чыгарган жападан жалгыз айып "Аль-Насрдын" оюнчулары экинчи таймдын башында оюн талаасына кеч киргендиктен 15 миң риал айып пул салуу болду. Бул жаза даттанууга жатпайт", - деп жазат маалымат булактары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11769